А. КАНИМЕТОВ атындагы №1 жалпы билим берүүчү гимназия - интернаты

Асмандан жарык көрсөң жылдыз деп бил, Ак калпак кийгендерди кыргыз деп бил!
05.03.2020-ж.
Эр жигит эл четинде, жоо бетинде!
21.02.2020-ж.
"Тогуз коргоол" улуттук оюну боюнча спартакиаданын жеңүүчүлөрүн сыйлоо аземи
"Тогуз коргоол" улуттук оюну боюнча №1 гимназия - интернатта өткөрүлгөн Биринчи Май районунун окуучулар спартакиадасынын жыйынтыгы чыгып, женүүчүлөр сыйланды
Мамлекеттик Туу күнү.
Дүйнөдөгү бардык мамлекеттердин өзүнө таандык мамлекеттик атрибуттары - Герби, Гимни, Туусу бар. Маанилүү мамлекеттик ар кандай иш-чаралар, жыйындар, салтанаттар ар дайым ушул атрибуттар менен коштолуп өткөрүлөөрүн силер жакшы билесиңер. Алгачкы Гимн байыркы Грецияда кудайлардын урматына жазылган, ал эми Герб, Туу болсо байыркы мамлекеттердин дээрлик бардыгында болгон. Совет доорунда СССРдин жана анын курамындагы 15 союздук республикалардын өздөрүнө таандык расмий белгилери болгон. Кыргызстан эгемендүүлүккө ээ болгондон кийин анын мамлекеттик атрибуттарын да жаңылантуу зарылчылыгы келип чыгат. Аны иштеп чыгуу үчүн республикалык масштабда конкурс жарыяланып, конкурска 300гө жакын сунуш келип түшөт. Ошентип, 1994-жылы 14-январда Кыргыз Республикасынын Герби кабыл алынган. Герб тегерек формада болуп, чекебели пахта жана буудай менен курчалган. Анын жогорку жана төмөнкү бөлүгүндө Кыргыз Республикасы деген жазуу бар, алдыңкы планда кыргыз эли аздектеген, эркиндиктин символу - канатын жайган бүркүт, арткы фондо чалкыган ыйык Ысык-көлүбүз, анын жээги Алатоо менен курчалып, тоо башында нурун чачыратып чыгып келаткан күн чагылдырылган. 1992-жылдын 3-мартында Алатоо аянтында Кыргызстандын тарыхында алгачкы ирет мамлекеттин Туусу (туунун авторлору: Э. Айдарбеков, Б. Жайчыбеков, С. Иптаров, Ж. Матаев, М. Сыдыков) желбиреди. Адамзаттын өмүр жолунда мамлекеттик түзүлүштүн эң башкы белгиси катары Туу эсептелген. Тууну эл ардактап сактап, душманга алдырбоого аракеттенишкен. Кыргызстандын туусунун өңү кызыл, анын дал ортосунда жайгашкан күн менен түндүк бийиктик менен биримдиктин символу катары чагылдырылган. Ал эми тегерете күн желесиндей чачыраган нурлар кырк уруу кыргыздын түпкүлүгүн баяндайт. Кыргыз Республикасынын Гимни кабыл алынган күн - 1992-жылдын 18-декабры. Анын сөзүн кыргыз эл акыны Ж. Садыков жана Ш. Кулуев, музыкасын болсо белгилүү композиторлор К. Молдобасанов менен Н. Давлесов жазышкан. Гимнде негизинен кыргыз элинин келечекке болгон ой-тилеги, тарыхый басып өткөн жолундагы эрдиги, элдердин достугу, ынтымагы, келечеги чагылдырылган.

Новости

"Сурия" кайрымдуулук фонду уюштурган "Таланттуу эгиздер" фестивалы.
КТРК "Баластан" студиясы тарабынан уютурулган "Акыл таймаш" интеллектуалдык оюну. "Балдар FM" радиосу.  
21-февраль Эл аралык эне тил күнүнө карата Бишкек шаардык мэриясынын мамлекеттик тилди өнүктүрүү бөлүмү уюштурган "Ынтымак, достук, биримдик" иш чарасы

Мы в цифрах

63
жыл
421
Окуучулардын саны
80
Бүтүрүүчүлөр (жылына)
3200
Китептердин саны